Кыргызстанда добуш берүүчүлөрдүн саны апрелдеги шайлоого салыштырмалуу 97 миңге көбөйдү
Муну менен шайлоочулардын саны 3 миллион 703 миң 420га жетти. Анын ичинен 84 миңи чет өлкөдө
жашагандар, — дешти БШКдан. Добуш берүүчүлөр боюнча бардык маалыматтар «Тизме» порталына жайгаштырылды жана толук тизме бардык шайлоо тилкелерине илинди. Ошондой эле 2 миң 494 шайлоо
участогу түзүлдү, анын 59у чет өлкөлөрдө жайгашат. Белгилеп кетсек, Жогорку Кеңештин
депутаттарын шайлоо 28-ноябрь, ушул жекшембиде өтөт.