Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматтан кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматтан кетти.

Ал бул тууралуу парламент жыйынында бүгүн билдирди.

Талант Мамытов 2020-жылы 4-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.

Анын кызматтан кетери тууралуу маалыматтар соңку күндөрү айтылып жаткан.

Мамытовдун ордуна депутат Нурланбек Шакиевдин талапкерлиги сунушталып жатканы кабарланууда.