Кыргызстанда жүндөн жер семирткич чыгарган ишкана курулат

Кыргызстанда жүндөн жер семирткич чыгарган ишкана курулат.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, завод Ак-Суу районунда жайгашат.

Жеке ишкер тарабынан ишке ашырыла турган долбоорго аймакты өнүктүрүү фонду 14 миллион сом пайызсыз насыя берүү чечимин кабыл алды.

Учурда 5 миллион сом бөлүндү.

Жаңы ишкананын ачылышы менен 20дан ашык жаңы жумуш орундары түзүлөт.

Ал эми өндүрүлгөн жер семирткичтер Европа өлкөлөрүнө, анын ичинде Германияга экспорттолот.

Белгилеп кетсек, өлкөдө буга чейин мындай ишкана болгон эмес.