Түркияда өтө турган Ислам тилектештиги оюндарында өлкө намысын 158 спортчу коргойт

Түркияда өтө турган бешинчи Ислам тилектештиги оюндарында өлкө намысын 158 спортчу коргойт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, кыргызстандыктар спорттун 16 түрү боюнча күч сынашат.

Алардын арасында жеңил атлетика, сууда сүзүү, күрөш, баскетбол, дзюдо жана башкалар бар.

Турнир 9-19-август аралыгында Конья шаарында өтөт.

Кошумчаласак, бул мелдештер былтыр өтүшү керек болчу, бирок коронавирус пандемиясынан улам жылдырылган.