Жоомарт Оторбаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, абактан чыкты

Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин баш коргоо чарасы кайрадан каралып, эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлады.

“Соттун 20-ноябрындагы токтомуна ылайык, КР Башкы прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурорунун өтүнүчү канааттандырылды жана шектелүүчү Оторбаевге карата мурда тандалган камакка алуу бөгөт чарасы өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө тууралуу тил кат алуу менен бошотулду”, — деп айтылат билдирүүдө.

Оторбаев УКМКнын тергөө абагында калтыруу мөөнөтү 30-ноябрга чейин узартылган болчу.

 

Атайын кызмат Оторбаевди Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 16-сентябрда кармаган. Ал «Кумтөр голд компанинин» (Центерра Голд Инк.) кызыкчылыгы үчүн буйрук чыгарып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдугун берген деп айыпталууда.