ЖОЖго келишимдик негизде кышкы кабыл алуунун III туру бүгүн аяктайт

Жогорку окуу жайларга келишимдик негизде окууга кышкы кабыл алуунун III туру бүгүн аяктайт.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси эртең жарыяланат.

Ал эми студент окуй тургандыгын 21-январга чейин тастыкташы керек.