Өлкөдө кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иштери улантылат

Бишкек – ​​Ош жана Талас – Тараз – Суусамыр унаа жолдорунда кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иштери улантылат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар артиллериялык техниканы колдонуу менен жүргүзүлүүдө.

Кар көчкүлөрүн түшүрүү иштери эртең да болот.

Мындай иштер жол коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөйт.