Кыргызстанда 1 миллион 867 миң 675 адам коронавируска каршы эмделди

Кыргызстанда акыркы сутканын ичинде 11 322 адам коронавируска каршы эмделди.

Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда республикалык штаб билдирди.

Алардын ичинен:

— 5 207 адам биринчи доза менен;

-6 115 киши экинчи доза менен эмделди.

Жалпысынан Кыргызстанда биринчи доза менен

1 043 888, экинчи доза менен 823 787 адам эмдөөдөн өткөн.