Бишкектиктерге ысык суунун жоктугуна байланыштуу жылуулукка болгон төлөмдөрдү кайра эсептеп чыгуу убадаланды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Мекеме ошондой эле ЖЭБдеги азыркы кырсык менен 2018-жылдагы аварияны салыштырып, анда Бишкек Жылуулук электр борборунун системасы толугу менен иштебей калганын эске салды. Ал эми азыр агрегаттардын айрымдары иштеп жатат.