Республика аймагында 7 санитардык-карантиндик түйүн оңдолот

Республика аймагында 7 санитардык-карантиндик түйүн оңдолот. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы кызматтык мекемелер, коронавируска шектелгендер үчүн өзүнчө изоляторлор жана дезинфекциялык туннелдер орнотулат.

 

Иштер Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен “COVID-19га ыкчам таасир берүү” долбоорунун алкагында жасалууда.