ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Бишкекте мамлекеттик органдардын иши токтобойт. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин орун басары Улан Чанаев билдирди.
Ал белгилегендей, санитардык нормаларга ылайык, бөлмөдө абанын температурасы 18-20 градус болсо, адам өз ишин уланта алат.
Ал эми ордо калаадагы окуучулардын онлайн окуусу кырдаал жөнгө салынганга чейин узартылат. Алдыдагы дем алыш күндөрүн эске алганда, бул ата-энелерге ыңгайсыздык жаратпайт деп белгиленди.