Коронавирус жуктаргандар менен байланышта болгонун жашыргандарды табуу боюнча иштер күчөтүлөт

Коронавирус жуктаргандар менен байланышта болгонун жашыргандарды табуу боюнча иштер күчөтүлөт. Бул тууралуу президент менен жолугушууда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

 

Анын айтымында, бул үчүн эпидемиологиялык иликтөөлөр жана тыкыр текшерүүлөр уюштурулат. Өзгөчө көңүл жаңы конуштарга жана жыш калктуу райондорго бөлүнөт.

 

Өз кезегинде, Сооронбай Жээнбеков өлкө боюнча санитардык алдын алуу чараларын улантуу керектигин белгиледи. Ошондой эле, өлкө башчы экономикалык ишкердүүлүктү этап менен жандантуу керек деди.