16 жашка толгон бүтүрүүчүлөр паспорту жок жалпы республикалык тестирлөөгө киргизилбейт.
Бул тууралуу novosti.kgге билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.
Ал эми 16 жашка толо элек окуучулар алдын-ала окуп жаткан мектебинен сүрөтү тиркелген,
мөөр басылган маалым кат алышы керек. Эске салсак, Кыргызстанда ЖРТ 17-майдан
23үнө чейин өтөт. Ага катталуу 9-апрелге чейин уланат.