Баткен районунда CASA-1000 долбоорунун алкагында электр линияларын өткөрүүчү алгачкы мамынын курулушуна капсула салынды.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Өлкө башчы долбоорду ишке ашырууга насыя бөлүп берген эл аралык өнөктөштөргө
ыраазычылык билдирди. Каржылык милдеттер электроэнергияны сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен жабылат, береселер
мамлекеттик бюджетке жүктөлбөйт. Эске салсак, СASA-1000 долбоорунун алкагында жогорку кубаттагы электр таратуу
линиялары курулат, ал Кыргызстан жана Тажикстанды Афганистан менен Пакистандын электр системалары менен бириктирет.