2 жумадан кийин унааны акысыз кайра каттоо акциясы аягына чыгат.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, улуттук кампания
31-декабрга чейин созулат. Буга чейин унааны кайра каттоодо транспорттун
тарифтик негизде бекитилген базардагы орточо баасынын 1 пайызы
мамлекетке төлөнчү. Эми унаа ээлери кайра каттоодо кызмат көрсөтүү
үчүн гана 498 сом төлөйт. Эгер ал регионун же номерин
алмаштырса жалпы сумма 1 миң 633 сомду түзөт.