Ушул жумага карата аба-ырайы кандай болорун синоптиктер айтып беришти.
Адистердин айтымында, бүгүнтөн тартып ордо калаада абанын температурасы
төмөндөйт. Бүгүн +8 градус болсо, бейшембиде 0гө чейин түшөт. Түнкүсүн суук болот.
Бирок жума, 17-декабрдан тартып кайрадан күн жылыйт. Күндүз +15…17 градус болсо,
түнкүсүн +3…5 градустан төмөндөйбөйт. 25-декабрга чейин кар жаашы күтүлбөйт.