Бишкекте №5 автобус каттамга чыкты

Бишкекте №5 автобус каттамга чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, муниципалитет жеке компания менен ишти кайрадан жандандыруу тууралуу макулдашты. Бирок, автобус жаңы каттам боюнча иштеп баштайт. Ал «Көк-Жар» кичи району менен «Көлмө» калктуу конушунун ортосунда каттамакчы. Буга чейин шаардык унаа башкармалыгы № 5 автобустук каттамды жаппагандыгын айтып,… Кененирээк…

Казакстандын көп жерлеринде катуу бороон-чапкындан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Казакстандын көп жерлеринде катуу бороон-чапкындан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бороон кечээ башталды. Нур-Султанда бурганак жана секундасына 23 метрге чейин жеткен шамал катталды. Борбордук мектептерде окуу токтотулуп, өлкөдөгү унаа жолдун жарымы жабылып, ондогон авиакаттамдар кармалды. Казгидрометтин маалыматына караганда, кар, бороон жана катуу шамал өлкөнүн көптөгөн аймактарында… Кененирээк…

Өткөн жылы 9 миң 300 кыргызстандык Россиянын жарандыгын алды

Өткөн жылы 9 миң 300 кыргызстандык Россиянын жарандыгын алды. Бул тууралуу Тажикстандын телеграф агенттиги жазат. Маалыматка караганда, 2019-жылы жалпысынан 498 миң чет элдик Россиянын жарандыгына ээ болушту. Тизменин сап башында 300 миңге жакын украиналыктар турат. Ал эми эң акырында 1,5 миң түркмөнстандыктар.

Ордо калаага 520 жаңы автобус алынат

Ордо калаага 520 жаңы автобус алынат. Бишкекке көп орундуу жаңы автобустар лизинг шарты менен алып келинерин мэриянын маалымат кызматы билдирди. Жаңы автобустар шаардын борборун маршруттардан арылтууга мүмкүнчүлүк берет, өзгөчө Чүй — Ибраимов — Бөкөнбаев — Жаш гвардия тилкелерин бошотуу каралууда. Экологиялык тазалыгына карап газ менен… Кененирээк…

“Манас” эл аралык аэропорту кытайдан каттамдарды убактылуу кабыл албайт

“Манас” эл аралык аэропорту кытайдан каттамдарды убактылуу кабыл албайт. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы билдирет. Билдирүүгө караганда, Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү каттамы 2-февралга чейин токтотулду. Кытайдан каттаган жалгыз рейске убактылуу чектөө, алардын Жаңы жыл майрамына байланыштуу. Буга чейин бул рейстин жүргүнчүлөрү коронавируска текшерилип жатканы… Кененирээк…