Ноокен районунун башкармалыгында «Бирдиктүү терезе» системасы иштеп баштады

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун башкармалыгында «Бирдиктүү терезе» системасы иштеп баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет. «Бирдиктүү терезеде» салык кызматкерлери кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык комплексин бир жерде ишке ашырышат. Анда отчетторду кабыл алуу, патенттер, камсыздандыруу полистери, маалым каттар жана башка документтер берилип же узартылат. Ошондой эле… Кененирээк…

Жакынкы күндөрү өлкө трассаларында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Жакынкы күндөрү өлкө трассаларында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кар көчкү коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Султанбек Белеков novosti.kgге билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстан аймагында кар көчкү түшүү кооптуулугу жок. Бирок 26-январдан 28ине чейин Бишкек — Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа — Алай-Куу, Ала-Бука — Каныш-Кыя жана Красная… Кененирээк…

Жалган маалымат тараткан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Ички иштер министрлиги кылмыш жасалганы тууралуу жалган маалымат тараткан жарандар жоопкерчиликке тартыла турганын эскертет. Анда. акыркы убакта WhatsApp мессенжеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалганы тууралуу жалган маалыматтарды жайылткан учурлар кездешип жатканы айтылат. Министрлик жарандарды социалдык тармактар жана интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.… Кененирээк…

Екатеринбургда цирктеги пил бошонуп, шаар аралады

Екатеринбургда цирктеги пил бошонуп, шаар аралады. Аны унаага жүктөө учурунда бошоп кетип, бир нече мүнөт көчө аралап жүргөн. Карга оонап жаткан пилдин видеосун жергиликтүү тургундар соцтармактарга жарыялашкан. Андан пилди дрессировщик менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкер токтотууга аракет кылганын көрүүгө болот. Дагы бир тасмада пилди… Кененирээк…

Элдин мамлекеттик башкаруу органдарына болгон ишеним индекси

Улуттук статистика комитети 2019-жылга карата элдин мамлекеттик башкаруу органдарына болгон ишеним индексин жарыялады. Кыргызстандыктардын пикири боюнча, эң коррупциялашкан органдардын сап башында мамлекеттик бажы кызматы, саламаттыкты сактоо жана жаза аткаруу мамлекеттик кызматы турат. Жарым жыл мурдагы рейтингде дагы Бажы кызматы биринчи орунда болчу. Ошол эле учурда Ички иштер… Кененирээк…

Кыргызстан Кытайдан келген эт азыктарына чектөө киргизди

Кыргызстан Кытайдан келген эт азыктарына чектөө киргизди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка караганда, Кытайдын «Хенань» провинциясынан 2019-жылдын декабрь айында 48 тонна өрдөк эти алынып келинген. Ветеринардык текшерүүдөн кийин сатууга уруксат берилген. «Хенань» провинциясы оору катталган «Хубэй» провинциясынан 511 чакырым алыстыкта жайгашкан. Өкмөт Кытайдан алып… Кененирээк…

Окумуштуулар токтон кубат алуучу жүрөк жасап жатышат

Окумуштуулар токтон кубат алуучу жүрөк жасап жатышат. Нидерландиялык жана англиялык илимпоздордун иши ийгиликтүү болсо, 2028-жылы жаңычылдык дүйнөгө тарайт. Роботтошкон жүрөк кадимки органдай эле канды бүткүл организм аркылуу жүгүртүүгө жөндөмдүү. Аны үч жыл ичинде жаныбарга салып, сыноо иштери жүргүзүлөт. Ал толугу менен адамдын клеткасынан болбогондуктан, маал-маалы… Кененирээк…

Түркиядагы көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын улуттук 7 спорту киргизилет

Түркиядагы көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын улуттук 7 спорту киргизилет. Алар — көк бөрү, эр эңиш, кыргыз күрөшү, ордо, тогуз коргоол, алыш, бел боо күрөшү жана көчмөндөрдүн улуу күрөшү болмокчу. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик комитетинен билдиришти. Эске салсак, дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда үч ирет… Кененирээк…

WADA Москвадагы лабораториянын лицензиясын убактылуу токтотту

WADA Москвадагы лабораториянын лицензиясын убактылуу токтотту. Допингге каршы эл аралык уюмдун сайтында, бул чара дисциплинардык териштирүү аяктагыча күчүндө калары белгиленет. Ага чейин допингге каршы лабораторияда спортчулардын кан анализдерине тыюу салынат. Буга чейин дүйнөлүк агенттик Россияны төрт жылга эл аралык ири мелдештерден четтетүү чечимин кабыл алган.… Кененирээк…

Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Чүй облусунун айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн кечки саат 5ке чейин Аламүдүн, Манас, Военно-Антоновка айылдарынын айрым көчөлөрүндө жана Кант шаарынын тилкелеринде жарык жок болот. Убактылуу чектөө оңдоо иштерине байланыштуу.