Балыкчы шаарындагы Тыныстанов көчөсү 44 миллион сомго оңдолууда.
Шаардын биринчи вице-мэри Алишер Табалдиевдин айтымында,
аба-ырайы сууктап кеткендигине байланыштуу жумуштар убактылуу токтотулуп,
бүгүнкү күндө 5 пайызга жетпеген курулушу калды. Күн жылыса иштер соңуна чыгат.
Ошондой эле Океев көчөсүнө асфальт төшөө планда бар.
Ал ушул жылы оңдоп бүтүрүлөт, — деди Табалдиев.