Коронавирус кооптуулугунан улам жума намазга баргандардын санын азайтуу керек

Коронавирус кооптуулугунан улам жума намазга баргандардын санын азайтуу керек. Мындай сунушту  Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев берди. Ал белгилегендей, буга чейин кыргызстандыктарга кооптуулуктан улам эл көп топтолгон жерге барбай турууга кеңеш берилген.

 

Андыктан, намазды үйдөн эле окуп туруу сунушталат. Акыркы маалыматтарга караганда Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктуруп алган учур жок.