Кыргызстанда доллар куну 79 сомго түштү

Кыргызстанда доллар куну 79 сомго түштү. Америкалык валютанын курсу бүгүн эртең менен төмөндөө багытын алды. Буга Улуттук банктын интервенция жасаганы себеп болушу мүмкүн.   Өлкөнүн башкы каржы мекемеси валюта серпилүүсүн токтотуу максатында 3 миллион 700 миң доллар сатты. Белгилеп кетсек, кечээ доллар кескин көтөрүлүп,  коммерциялык… Кененирээк…

Кыргызстанда мугалимдер 8-апрелге чейин үйлөрүнө кое берилди

Кыргызстанда мугалимдер 8-апрелге чейин үйлөрүнө кое берилди. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенген кызматкерлер үчүнчү чейректи жыйынтыктап, тиешелүү отчёттук иштерин аяктап, жетекчилер мектеп имараттарында санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү.   Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иши 8-апрелге чейин токтотулганына байланыштуу бала бакчалардын… Кененирээк…

Ош шаарында коомдук транспорт толугу менен токтотулду

Ош шаарында коомдук транспорт толугу менен токтотулду. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти. Мэр Таалайбек Сарыбашовдун тапшырмасы менен бүгүнтөн тарта автобус, троллейбус, маршруттук таксилер  каттамга чыкпайт.   Калаада эпидемологиялык кырдаал туруктуу. Бирок ага карабастан элдин агымын токтотуу максатында ушундай чечим кабыл алынды. Буга чейин Ошто… Кененирээк…

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 2 миллион сомдон ашык топтолду

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 2 миллион сомдон ашык топтолду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Белгилеп кетсек, ведомствонун алдында атайын эсеп ачуу чечими кечээ кабыл алынды.   Түшкөн каражат коронавирустун алдын алуу иш-чараларына багытталат.

Кыргызстан Коррупцияны кабылдоо индекси-2019 рейтингинде 6 баскычка көтөрүлдү

Кыргызстан Коррупцияны кабылдоо индекси-2019 рейтингинде 6 баскычка көтөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Маалыматка караганда, аталган тизмеде Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинен 126-орунга жайгашты. Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 6 позицияга жакшырды. Рейтингде биздин өлкө Россия, Тажикстан, Өзбекстандан жогору турат. Ал эми Казакстан 113-орунда. Белгилеп кетсек, Коррупцияны кабылдоо… Кененирээк…

Вирусолог жана санитардык дарыгерлерге жөлөк пул төлөнө баштады

Вирусолог жана санитардык дарыгерлерге жөлөк пул төлөнө баштады. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. Анын айтымында, дүйшөмбүдөн тартып медиктер айлык маянасынан тышкары жөлөк пул алышат. Каражат эпидемиялогиялык фонддон бөлүндү. Эске салсак, премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев оор шартта иштеп жаткан дарыгерлерге кошумча акы берүү максатында… Кененирээк…

Ноокат районуна өзгөчө кырдаал жарыяланды

Ноокат районуна өзгөчө кырдаал жарыяланды. «Азаттык» билдиргендей, жергиликтүү 3 жарандан коронавирус аныкталгандыктан Өсөр айылына кетчү жолдор жабылды. Блок-посттор райондун башка айылдарына да коюлду. Жөө жүргүнчүлөрдүн жана унаалардын кирип-чыгуусуна чектөө киргизилди. Белгилеп кетсек, такталган маалымат боюнча республикада 6 адам вируска кабылды. Учурда алардын абалы канааттандырарлык. Баары… Кененирээк…

Бишкекте «Тулпар» картасын 107 миңден ашык жүргүнчү сатып алды

Бишкекте «Тулпар» картасын 107 миңден ашык жүргүнчү сатып алды. Мэриядан билдиришкендей, көк картага  80 миң адам ээ болду. Пенсионерлерге 27 миң кызыл карта тапшырылды. Ал эми жеңилдик каралган категориядагы картаны ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 600 адам алды. Учурда окуучулардын жашыл картасы мектептерге жеткирилип жатат, ал… Кененирээк…

Орус-казак чек арасында 157 кыргызстандык  жаран өтө албай кармалып турат

Орус-казак чек арасында 157 кыргызстандык  жаран өтө албай кармалып турат. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Россиянын «Сагарчин» өткөрмө бекетинде топтолуп турган кыргызстандыктардын абалы элчиликтин жана Оренбургдагы консулдуктун көзөмөлүндө. Аларга тамак-аш уюштурулуп берилип жатат. Ведомстводон белгилешкендей, алар өлкөгө Россиядан унаа менен Казакстан аркылуу келүүнү көздөшкөн. Бирок коронавирус… Кененирээк…

Умрадан келгендер менен байланышта болгон 1 миң 43 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө

Кыргызстанда Умрадан келгендер менен байланышта болгон 1 миң 43 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө. Учурда обсервацияда 410 адам жайгашты. Өлкө боюнча дагы 2 миң 300 орун даяр. Ал эми медициналык санитардык-карантиндик түйүндөр күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Жарандарга өз алдынча препараттарды колдонуудан баш тартып, гигиенаны сактап жана эл… Кененирээк…