Коронавирус пандемиясынын пайдалуу жактары айтылды

Коронавирус пандемиясынын пайдалуу жактары айтылды. Science Alert басылмасынын маалыматында, вирустан улам карантин жана өзгөчө кырдаал жарыяланганына байланыштуу дүйнөдө кыймыл азайып, аба тазарды. Булганган аба COVID-19 вирусуна караганда адамдын өмүрүнө зыяны көбүрөөк. Ошондой эле спутниктен алынган маалыматтар боюнча Италиянын түндүк тарабында аба тазарды. Буга транспорт каражаттарынан чыккан… Кененирээк…

Сузак районуна киргизилген өзгөчө кырдаал дагы 1 айга созулат

Сузак районуна киргизилген өзгөчө кырдаал дагы 1 айга созулат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди. Анын айтымында, кырдаал бейтаптардын абалына жараша болот, андан тышкары инкубациялык мезгил 20 күн болгондугуна байланыштуу. Аталган аймакта учурда дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, 18-мартта райондун 3… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, алар Ош облусунун Ноокат районунун жашоочулары. Бейтаптар изоляцияланып, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды. Алар кичи ажылык сапардан кайтып келишкен. Белгилеп кетсек, өлкө боюнча коронавирус жуккан жалпы 6 бейтап бар. Вируска кабылган алгачкы 3 адам 18-мартта… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынын маалыматында, бүгүн кечки саат 5ке чейин Жал кичирайонунда, Кырман, Бакай-Ата, Көлмө конуштарында, Байтик Баатыр, Медеров, Горький, Сүйүмбаев, Жибек-Жолу, Логвиненко жана Панфилов көчөлөрүнүн бир бөлүгүнө электр энергиясы берилбейт. Убактылуу чектөөлөр оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.

Азык-түлүктүн баасын кымбаттаткан ишкерлерге салынган айыптын өлчөмү белгилүү болду

Азык-түлүктүн баасын кымбаттаткан ишкерлерге салынган айыптын өлчөмү белгилүү болду. Монополдукка каршы мамлекеттик агенттигинин маалыматында, юридикалык жактар 5 миң сом, ал эми физикалык жактар 1 миң сом өлчөмүндө айыпка тартылат. Буга чейин республика боюнча биринчи жана экинчи сорттогу ундун баасы боюнча чектөө белгиленген. Ошондой эле 11 азык-түлүктүн баасын… Кененирээк…

Кыргызстан коронавирустун жайылышын чектегенге Япониянын тажрыйбасын пайдаланат

Кыргызстан коронавирустун жайылышын чектегенге Япониянын тажрыйбасын пайдаланат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов билдирди. Анын айтымында, жеке гигиена менен тазалыкты сактоо боюнча бир катар эрежелерди так аткаруу жетиштүү. Инфекцияны жуктуруп албоо жана COVID-19 вирусун жок кылуу үчүн ар бир 15 мүнөт сайын… Кененирээк…

Өлкө боюнча обсервацияларда 2 миңге жакын орун дайындалды

Өлкө боюнча обсервацияларда 2 миңге жакын орун дайындалды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, алар «Манас» аэропортунда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жаткырып дарылоочу мекемелеринде, Беш-Күңгөй аскер госпиталында, «Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде, ошондой эле Ошто дагы бир катар мекемелерде даяр. Белгилеп кетсек, 18-мартта Кыргызстанда коронавирус… Кененирээк…

Ошто маршруттук каттамдар кыскартылды

Ошто маршруттук каттамдар кыскартылды. Тиешелүү тапшырманы мэр Таалайбек Сарыбашов берди. Эми шаардагы 16 автобустун 8и каттамда, 18 троллейбустун 10у жүргүнчүлөрдү ташып жатат. Ошондой эле 100гө жакын кичи маршруттук каттамдар да кыскартылды. Көрүлгөн чаралар, республика боюнча билим берүү мекемелери карантинге жабылганына байланыштуу.

Кыргызстандагы бардык бала бакчалар жабылды

Кыргызстандагы бардык бала бакчалар жабылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирет. Маалыматка караганда, өлкөдөгү бардык мектепке чейинки даярдоо мекемелеринин ишин 8-апрелге чейин токтотуу чечими кабыл алынды. Ага жеке менчик бала бакчалар дагы кирет. Эске салсак, өлкөдө 16-марттан баштап мектеп жана жогорку окуу жайлар жабылган. Карантин… Кененирээк…

Кыргызстан эл аралык каттамдарды убактылуу токтотту

Кыргызстан эл аралык каттамдарды убактылуу токтотту. Мындай чечимди коронавирусту алдын алуучу республикалык штаб кабыл алды. Ага ылайык, бүгүнтөн тарта Бишкек жана Ош шаарларынан учуучу бардык эл аралык каттамдар токтойт. Бирок Москва — Бишкек, Москва — Ош, Новосибирск — Бишкек багытындагы каттамдарга жумасына бир жолудан учуп-конууга… Кененирээк…