Коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке жалпысынан  137 миллион 798 миң сом түштү

Коронавирус менен күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке жалпысынан  137 миллион 798 миң сом түштү. Анын ичинен 79 миллион 817 миң 874 сому керектелди.   Калганы апрелде эпидемия очогунда иш алып барган медицина кызматкерлерине айлыгынан сырткары кошумча акы болуп төлөнөт.   Чогулган каражат тууралуу маалымат Республикалык… Кененирээк…

Бишкек жана Ошто коронавируска каршы күрөшүү боюнча санитардык-карантиндик чаралар күчөтүлөт

Бишкек жана Ошто коронавируска каршы күрөшүү боюнча санитардык-карантиндик чаралар күчөтүлөт. Мамлекеттик  кызматтарга мындай тапшырманы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.   Бийликтин аракеттерин күчөтүү ошондой эле Ат-Башы районуна жана Жалал-Абад облусунун Каныш-Кыя айыл аймагына тиешелүү. Мыдай чаралар COVID-19 вирусу боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынууда.

Кубатбек Боронов коронавируска каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды

Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов элдин арасынан COVID-19 инфекциясына кабылгандарды аныктоо маанилүү экенин белгилеп, илдет жуктуруп алганы белгилүү болгондор менен байланышкандарды табуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.   «Жаранда вирустун бар экени аныкталар замат биз аны менен байланышта болгон бардык адамдарды… Кененирээк…

Ошто айдоочуну сөгүп, кагып-силккен милиционер иштен алынды

Ош шаарында айдоочуну сөккөн милиционер кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Эске салсак, социалдык тармактарга Ош шаарында кызматта турган милиция кызматкери менен айдоочунун ортосундагы чатактын видеосу тарап кеткен. Анда милиция кызматкеринин автомашинада отурган жарандарга болгон орой мамилесин, сөгүнүп жатканын… Кененирээк…

Талас облусунда сел жүрүп, 5 гектарлык эгин талаасын жууп кетти

Талас облусунда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, 5 гектарлык эгин талаасын жууп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. «16-май күнү Талас облусунун Талас районунда саат 18:00 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Бекмолдо айыл аймагынын Кара-Ой айылын Таш-Төбө коктусунан аккан сел… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин жана Чүй облусунун бир катар аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин жана Чүй облусунун бир катар аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Шопоков, Бөкөнбаев көчөлөрүндө, Арча-Бешик, Кара-Жыгач, Рухий-Мурас, Көк-Жар конуштарында, Шалта, Күн-Туу, Беловодск, Ак-Башат, Арал, Киргшелк айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге… Кененирээк…

Баткенде 11-майдан тарта ишин жанданткан тармактарга күн сайын рейд жүргүзүлүп, санитардык талаптар көзөмөлгө алынат

Баткенде 11-майдан тарта ишин жанданткан тармактарга күн сайын рейд жүргүзүлүп, санитардык талаптар көзөмөлгө алынат. Анын жыйынтыгында, Санэпидем көзөмөл борбору ишканаларга санитардык талаптарды сактоо боюнча   202 эскертме кат берген.   Ага карабай талаптарды аткарбаган 117 ишканага эскертүү берилип, 28 ишканага айып салынды.

Россиядан 378 кыргызстандык келди

Россиядан 378 кыргызстандык келди. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, “Манас” эл аралык аэропорту Манас-Бишкек чартердик каттамын кабыл алды. Кыргызстанга кетүү үчүн элчиликтин тизмесине дагы 1 миң киши катталды.   Алардын арасында кош бойлуулар, оорулуу адамдар, жашы жете элек балдар бар. Элчилик мекендештерди абалды түшүнүү менен кабыл… Кененирээк…

Ала-Бука-Жаңы-Базар – Кировка жолу таштардан тазаланып, кыймылга ачылды

Ала-Бука-Жаңы-Базар – Кировка жолу таштардан тазаланып, кыймылга ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, Чаткал районундагы трассанын 21-чакырымына 17-майда көлөмү 1 миң 800 куб таш кулап, жол буулуп калган.   Жабыркагандар болгон жок. Жеринде жол кыймылын тейлөө мекемелери иштеп, жол учурда толугу… Кененирээк…

Россияда коронавируска тест тапшыруудан баш тарткандарга 40 миң рублга чейин айып салынат

Россиялык басылмалар Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянып, коронавирустун жайылышын шарттаган жарандарга карата салынуучу айып пулдардын суммасын жазды. Ага ылайык, Россиянын аймагында эми коронавируска карата тест тапшыруудан баш тарткандарга 15 миң рублдан 40 миң рублга чейин айып салынат.   Мындан тышкары коронавирустун белгилерин байкап, бирок дарыгер… Кененирээк…