Быйыл KFU Football Awards сыйлыгын тапшыруу аземи өткөрүлбөйт

Быйыл футбол боюнча жылдын мыктыларын аныктоочу KFU Football Awards сыйлыгын тапшыруу аземи өткөрүлбөйт. Кыргызстанда футбол боюнча 2020-жылдагы сезондун премьер-лига, улуттук лига жана Кыргызстандын кубогу мелдештеринин регламенттерине өзгөртүүлөр киргизилди. Мелдештин форматы жана катышуучулары жаңыланды. Оюнчуларды каттоо, беттештер эми медициналык регламент жана Футбол ассоциацияларынын эл аралык кеңеши… Кененирээк…

Ордо калаа мэриясында кадрдык ѳзгѳрүүлѳр болду

Ордо калаа мэриясында кадрдык ѳзгѳрүүлѳр болду. Муниципалитеттен билдиришкендей, калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Татьяна Кузнецова кызматынан бошотулду. Анын ордуна “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасын жетектеген Виктория Мозгачева дайындалды. Ошондой эле мэриянын борбордук аппаратынын мурдагы жетекчиси Балбак Түлѳбаевдин ордуна Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары Адилет Малдыбаев… Кененирээк…

«Айыл чарбасын каржылоо — 8» долбоорунун алкагында 4 миллиард 206 миллион сомго жеңилдетилген насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо — 8» долбоорунун алкагында 4 миллиард 206 миллион сомго жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди. Анын айтымында, жеңилдетилген насыяга 8 миң 371 адам ээ болду. Ошондой эле быйыл 250 айыл чарба техникасын лизингге берүү пландалды.… Кененирээк…

Синоптиктер туруксуз аба-ырайы күтүлөрүн эскертет

Синоптиктер туруксуз аба-ырайы күтүлөрүн эскертет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 31-июль жана 1-августта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Абанын табы кескин төмөндөйт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге чейин жетет. Мындай аба-ырайы унаа, байланыш, нергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Казакстанда 3-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшартылат

Казакстанда 3-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшартылат. Бирок жарандар бир катар эрежелерди сактоо тийиш, — деди саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой. Анын айтымында, жарандар санитардык жана дезинфекциялык режимдерди сактоо менен маска кийип, эрежеге баш ийүүнү уланынтышы керек. Ооруканаларда бош орундар 70 пайызга жетсе, айрым инфраструктуралык объектилердин… Кененирээк…

Бишкекке Россиядагы жарандар 2 учак менен жеткирилди

Бишкекке Россиядагы жарандар 2 учак менен жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Москвадан 233 жаран кайтарылса, Екатеринбургдан 191 мекендеш өлкөгө кайтып келди. Жарандардын тизмеси кыргыз диаспоралары жана элчиликке ташталган арыздардын негизинде түзүлдү. Чет мамлекеттеги мекендештерди өлкөгө кайтаруу иштери тынымсыз уланууда.

Кыргызстанда 64 жогорку окуу жайы абитуриенттерди кабыл алууда

Кыргызстанда 64 жогорку окуу жайы абитуриенттерди кабыл алууда. Абитуриенттер 2020.edu.gov.kg сайтынан ар бир университеттин факультеттери менен тааныша алат. Анда тапшыруу шарттары, келишимдин баасы жана кеңири маалымат алуу үчүн байланыштар көрсөтүлгөн, — дешти Билим берүү министрлигинен. Белгилеп кетсек, 27-июлдан баштап жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуунун II… Кененирээк…

Көп жөө баскан адам узагыраак жашап, жүрөк ооруларына аз чалдыгат

Көп жөө баскан адам узагыраак жашап, жүрөк ооруларына аз чалдыгат. Окумуштуулар жүргүзгөн изилдөөлөргө ылайык, 200 миң адам беш жыл аралыгында байкоодон өткөндөн кийин жумушуна жөө же велосипед менен баргандар улгайган куракка чейин өмүр сүрүшкөнү аныкталды. Ал эми унаа менен жүргөндөрдө жүрөк оорулары көбүрөөк кездешти. Окумуштуулардын… Кененирээк…

5-августта Жерге көлөмү чоң астероид жакындайт

5-августта Жерге көлөмү чоң астероид жакындайт. Бул тууралуу NASA уюмуна шилтеме берип РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, астероиддин эң жакын келген жери Ай менен Жердин ортосундагы аралыктан жети эсе чоң болот. Бул учур Бишкек убактысы менен саат кечки 22.35ке туура келет. Белгилеп кетсек, астероид 2009-жылы… Кененирээк…

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу бир тараптуу ачылды

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолу бир тараптуу ачылды. Тилке толугу менен тазаланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, иштерге кызматкерлер жана оор техникалар тартылды. Эске салсак, кечээ катуу жааган жаандан улам сел жүрүп трассанын 245-чакырымындагы бир тарабы кум шагылга толуп калган. Учурда жол кыймылга ачык.