Кыргызстан 35 миң доза вакцина сатып алат

Кыргызстан 35 миң доза вакцина сатып алат. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, кошумча дагы 700 миң доза вакцинага арыз жазылды. Сасык тумоого каршы эмдөө жүргүзүү сентябрдын аягында башталат.   Биринчи кезекте ал медицина кызматкерлерине, тубаса оорулары бар жарандарга, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына жана кош бойлуу айымдарга арналат.… Кененирээк…

Германиянын тургундарына жөн эле акча таратылат

Германиянын тургундарына жөн эле акча таратылат. Эксперттер атайын изилдөө жүргүзүү ниетинде, анын алкагында 120 адамга ай сайын 1 миң 433 евродон берилип турат.   Алардын башка каржы булагы барбы-жокпу маанилүү эмес. Каражат кайда кеткени дагы көзөмөлгө алынбайт. Адистер алардын жүрүм-турумуна гана байкоо жүргүзөт. Салыштыруу үчүн… Кененирээк…

Чолпон-Ата шаарынын ооруканасын оңдоо иштери 80 пайызга аяктап калды

Чолпон-Ата шаарынын ооруканасын оңдоо иштери 80 пайызга аяктап калды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, ички жасалгалоо жыйынтыкталды, электр жабдуулар орнотулуп, сантехникалык жумуштар аткарылып, жаңы айнектер орнотулду.   Объектиде 32 адам иштеп жатат. Оорукана 70 орунга эсептелген.

“Бишкек көчөлөрүнүн жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында оңдоо иштери августта башталат

“Бишкек көчөлөрүнүн жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында оңдоо иштери августта башталат. Бул тууралуу novosti.kgге Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин орун басары Улан Уезбаев билдирди.   Анын айтымында, кытай тарап келишимди жактырды, кийинки жумада ага кол коюлат. Экинчи фазага 60 көчөнү калыбына келтирүү кирет, иштер… Кененирээк…

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси 10% азайды

2020-жылдын жети айында Кыргызстандын мамлекеттик бюджети 76,3 миллиард сомду түздү. Бул бир жыл мурунку ушул мезгилге салыштырмалуу 10,1% же 8,6 миллиард сомго аз. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматында айтылат.   Быйыл январь-июль айларында мамлекеттик бюджеттин кирешеси боюнча план дээрлик 90% аткарылып, казынага 8,9 миллиард сом… Кененирээк…

Көк бөрү боюнча президенттин кубогу мелдеши октябрь айына жылдырылды

Көк бөрү боюнча президенттин кубогу мелдеши октябрь айына жылдырылды. Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Кубат Аскарбеков билдиргендей, турнир Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналып 31-августта өтмөк. Мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынды. Эске салсак, былтыр Чолпон-Ата шаарында уюштурулган мелдеште “Достук” командасы “Ынтымак” курамасын 3:2 эсебинде… Кененирээк…

Кыргызстанда 2 миң 292 мектеп жаңы окуу жылына даяр

Кыргызстанда 2 миң 292 мектеп жаңы окуу жылына даяр. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жай мезгилинде республикалык бюджеттин эсебинен бардык мектептерде пландуу оңдоо иштери аткарылды. Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен жаңы окуу жылынын башталышында имараттарда санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт.… Кененирээк…

Бишкекте эми коомдук унаалар дем алыш күндөрү да иштеп баштайт

Бишкекте эми коомдук унаалар дем алыш күндөрү да иштеп баштайт. Мэриядан билдиришкендей, ошол эле учурда алар мурункудай эле эртең мененки саат 7ден 11ге чейин жана түштөн кийинки 2ден кечки 11ге чейин катташат. Ал эми кафе, ресторан жана башка тамактануу жайларга эртең мененки саат 7ден түнкү… Кененирээк…

Смартфондун ишин тездетүү ыкмасы айтылды

Смартфондун ишин тездетүү ыкмасы айтылды. Керексиз жана орунду көп ээлеген тиркемелердин санын азайтуу менен гаджеттин иштешин ылдамдатса болот. Адатта телефон Facebook жана YouTube тиркемелеринен кыйналат. Маселен Android системасында ушулардын эле жеңилирээк түрлөрү, тагыраагы, Facebook lite жана Google Maps Go дегендер бар. Мындан тышкары, сайттардын мобилдик… Кененирээк…

Чек-ара аймагында кыргыз-өзбек жаштары ортосунда спорттук мелдеш өттү

Чек-ара аймагында кыргыз-өзбек жаштары ортосунда спорттук мелдеш өттү. Турнир кечээ Кадамжай районунун жана Өзбекстандын Сох районунун жаштары ортосунда уюштурулду. Анда спорттун теннис, шахмат жана футбол түрү боюнча оюндары өтү. Теннис жана шахмат боюнча Баткен облусунан барган жаштар жеңүүчү аталды. Ал эми футбол боюнча эки команда… Кененирээк…