Жаңы окуу жылында мектеп окуучуларына бирдиктүү форма боюнча талаптар коюлбайт

Жаңы окуу жылында мектеп окуучуларына бирдиктүү форма боюнча талаптар коюлбайт. Бул тууралуу Билим берүү министри Каныбек Исаков билдирди. Анын айтымында, окуучулар салттуу түрдө – ак көйнөк, кара шым же юбка кийсе болот.   Министр белгилегендей, быйыл бирдикүү формадан баш тартуу чечими кабыл алынды. Анткени, айрым… Кененирээк…

Ошто Кайгуул милиция ишин ушул жылдын 1-декабрында баштайт

Ошто Кайгуул милиция ишин ушул жылдын 1-декабрында баштайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма-сөз катчысы Тилек Оторовдун айтымында, бугүнкү күнгө карата 129 талапкер тандоонун биринчи турунан ийгиликтүү өттү.   Алар окууга жөнөтүлдү. Талапкерлер мыйзамдарды, буйруктарды жаттап, протокол түзүүгө, атууга жана өзүн коргоого үйрөтүлөт. Зачетторду… Кененирээк…

WhatsApp мессенжеринде архив файлдары менен иштөө функциясы пайда болот

WhatsApp мессенжеринде архив файлдары менен иштөө функциясы пайда болот. Ал тестирлөөдөн өтүп жатат. колдонуучулар жазышуулар эс тутумдун кайсы бөлүгүн ээлеп жатканын дагы биле алышат.   Муну менен биз, колдонуучулар эс тутумду өзүбүз башкарып, туура бөлүштүрө алабыз. Жаңычылдык качан жеткиликтүү болот, азырынча белгисиз.

Түп районунун Каркыра жайлоосуна интернет өткөрүлдү

Түп районунун Каркыра жайлоосуна интернет өткөрүлдү. Бул тууралуу Сан-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Түлөбердиев билдирди. Анын айтымында, эми жергиликтүү тургундар, мектеп жана Каркырадагы чек ара түйүнү жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздалды.   Каркыра жайлоосунда 30дай үй-бүлө жашайт.

Израилде мектеп окуучулар алтын тыйындарды таап алышты

Израилде мектеп окуучулар алтын тыйындарды таап алышты. Болжол менен аларга 1 миң 100 жыл болгон. Археологдордун айтымында, мурунку заманда байлыктын ээси аны катып коюп, таппай калышы мүмкүн.   Кенч тапкан окуучуларга сүйүнчүсү берилдиби, жокпу такталбайт.

Женевада туристтерге акча берилет

Женевада туристтерге акча берилет. Ар бир келген эс алуучуга болжол менен  92 евродон тапшырылат. Каражат атайын картага которулуп, аны менен мейманканада, ресторандарда, экскурсияларда, музейлерде төлөп турса болот. Бирок накталай акча катары чечилбейт.   Баланста калып калган каражат дагы кайтарылбайт.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине директордун милдетин аткаруучу дайындалды

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигине директордун милдетин аткаруучу дайындалды. Ведомствону Мирлан Парханов башкарып турмай болду.   Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.

“Барселона” Лионель Месси клубдан кете турганын тастыктады

“Барселона” Лионель Месси клубдан кете турганын тастыктады. Лионель Мессинин «Барселона» клубу менен түзүлгөн келишиминде ар бир сезондун аягында келишимди бир тараптуу бузууга мүмкүндүк берген варианты бар.   Өткөн сезондо  33 жаштагы Месси клуб менен жалпы 44 оюнга катышып, 31 гол киргизип, 26 жолу голдук пас чыгарып… Кененирээк…

Баткенде бейтапкананын курулушу 65 пайызга аяктап калды

Баткенде бейтапкананын курулушу 65 пайызга аяктап калды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата ички жасалгалоо жумуштары, эшик-терезелерди орнотуу, канализация тармагын өткөрүү аткарылды.   Жеринде 35 куруучу иштеп жатат. Долбоордун сметалык баасы 17 миллион 900 миң сомду түзөт.

Бюджеттеги оор абалга карабай, өлкөдөгү авариялык мектептер жыл аягына чейин ремонттолот

Бюджеттеги оор абалга карабай, өлкөдөгү авариялык мектептер жыл аягына чейин ремонттолот. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялады.   Анын айтымында, тизмеде бардык региондордон мектептер бар. Пандемияга байланыштуу айрым курулуш жана оңдоо иштери убактылуу токтотулган. Бирок буга карабай, ремонт өз убагында аяктайт, — деди премьер.