Ак-Суу районунун Пионер айылына алгачкы ирет таза суу системасы тартылууда.
“Турмуш” басылмасы билдиргендей, бул максатта мамлекеттик бюджеттен 18 миллион сом каралган.
Учурда жалпы суммадан 3 миллион сом бөлүнүп, иштер старт алды. Ирригациялык тармактарды
орнотуу менен айыл аймагына 6,5 миң таза суу түтүгү тартылат.