Бишкекте көчөлөрдү дезинфекциялоо иштери жүргүзүлө элек

Бишкекте көчөлөрдү дезинфекциялоо иштери жүргүзүлө элек.

Бул тууралуу novosti.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда,  учурда санитардык тазалоо иштери объектилерде гана аткарылууда.

Гигиеналык талаптардын сакталышы боюнча бардык мамлекеттик жана жеке мекемелерге,

коомдук унаа жана соода жайларына тапшырмалар берилген. Эске салсак, буга чейин

коронавирус күч алган убакта ордо калаадагы базар, көчө жана

аялдамаларда оор техникалар менен дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.