Коомчулуктун сынынан улам, президенттин инаугурациясынын сценарийи өзгөртүлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынан билдиришти. Маалыматка ылайык, инаугурация күнү кортеж болбойт жана резиденциядан баштап филармонияга чейинки жол жабылбайт.
Банкет уюштурулбайт. Иш-чарага канча каражат жумшала турганы уюштуруу комитети жыйынга чогулгандан кийин белгилүү болот, — дешти президент аппаратынан.
Эске салсак, инаугурациянын репетициясы учурунда Манас проспектиси тосулганы, иш-чарага 10 миллион сом багыттала турганы коомчулукта катуу сынга алынып, сын-пикирлер айтылган.