Шри-Ланка 10 айлык бөгөт чараларынан кийин туристтерге чек арасын ачты

Шри-Ланка 10 айлык бөгөт чараларынан кийин туристтерге чек арасын ачты. Жергиликтүү басылмалар билдиришкендей, аралдын эки эл аралык аба майданынын иши жанданды. Алар коммерциялык каттамдарды тейлейт. Өлкөгө кирүү үчүн саякаттоочу COVID-19 жок экенин тастыктаган тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. Чет элдик туристтер жергиликтүү жашоочулардан алыс жайгашкан, атайын… Кененирээк…

Алай районунун Нура айылында жаңы мектеп пайда болду

Алай районунун Нура айылында жаңы мектеп пайда болду. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, билим берүү мекемеси 100 окуучуга чакталды. Ал негизги мектепке кошумча корпус катары курулду. Долбоорду ишке ашырууга 15,5 миллион сом жумшалды. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилди

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирет. Эске салсак, былтыр апрелде беш шаарда – Ош, Майлуу-Суу, Токмок, Каракол жана Балыкчыда жергиликтүү кеңештерди, ошондой эле 25 айыл аймакта шайлоо өткөрүү пландалган. Бирок коронавирус пандемиясынан улам мөөнөт белгисиз убакка жылдырылган

Мамлекеттик экотехинспекция Бишкекте сатылып жаткан көмүрдүн радиоактивдүүлүгүн текшерди

Мамлекеттик экотехинспекция Бишкекте сатылып жаткан көмүрдүн радиоактивдүүлүгүн текшерди. Инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, адистер Кара-Кече жана Кара-Жыра көмүр кендерине тиешелүү болгон бир катар кара отун базаларын текшерип чыгышты. Текшерүүлөрүн жыйынтыгында бардык сатуу түйүндөрүндө көмүрдүн радиациялык көрсөткүчү мамлекет бекиткен нормадан ашкан жок

Якутияда рекорддук көрсөткүчтө суук болууда

Якутияда рекорддук көрсөткүчтө суук болууда. Абанын табы -58 градуска чейин төмөндөдү. Мындай аба-ырайына Монголиядагы аномалдуу жогорку деңгээлдеги басым себеп. Бул шамалдын өтүшүнө тоскоолдук жаратат. Жогорку деңгээлдеги рекорддук көрсөткүч Таттинск районундагы Чымнайи айылында катталды. Ал жакта термометр мамычалары -61 градусту көрсөттү. Ал эми метеорологдор Якутиянын башка… Кененирээк…

23-январдан тартып башка өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктар COVID-19 жок экенин тастыктаган тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек

23-январдан тартып башка өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктар COVID-19 жок экенин тастыктаган тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, жаран тестирлөөдөн учканга чейинки 3 күндөн кем эмес убакта тапшырышы зарыл. Болбосо жүргүнчү учактын бортуна киргизилбейт. Ушундай эле эреже Кыргызстанга унаа менен киргендерге да тиешелүү. Мындай чаралар… Кененирээк…

Бишкектин айрым жерлеринде жарык жок болот

Бишкектин айрым жерлеринде жарык жок болот. «Түндүк электр” ишканасынан билдиришкендей, бүгүн кечки саат 5ке чейин Фатьянов, Нарв, Медеров, Бектенов, Скрябин, Ибраимов, Күрөңкеев, Кулатов, Тыныстанов жана Токтогул көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө, Аламүдүн 1 жана 4-кичирайондорунда, Ак-Ордо конушунда  электр энергиясы чектелет. Өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу

«Ош электр» ишканасынын мурдагы директору 1 миллион сом пара алууга шектелип кармалды

«Ош электр» ишканасынын мурдагы директору 1 миллион сом пара алууга шектелип кармалды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынан билдиришкендей, жабык акционердик коомунун өкүлү «Ош электр» ишканасына мурда жарыяланган тендерди утуп алып, аткарган иши үчүн бериле турган 6 миллион сомду сурап кайрылган. Бирок ишкананын директору өзүнүн… Кененирээк…

Парламенттик шайлоо конституциялык реформа жүргүзүлгөндөн кийин өтөт

Парламенттик шайлоо конституциялык реформа жүргүзүлгөндөн кийин өтөт. Мындай мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, буга чейин түзүлгөн Конституциялык кеңеш президенттик шайлоо жана референдумга байланыштуу өз ишин убактылуу токтоткон. Эске салсак, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы  5-6-октябрдагы окуялардан кийин жокко чыгарылган.… Кененирээк…

40 тилде эркин сүйлөй алган, котормочу кулакчындар пайда болду

40 тилде эркин сүйлөй алган, котормочу кулакчындар пайда болду. hi-tech.news билдиргендей, жаңы түзүм реалдуу режимде кыска мөөнөттүн аралыгында, 40 тилди жана 93 акцентти 95 пайыз таасын которо алат. Дүйнөгө эң кеңири тараган 7 тилди интернетке туташпаган учурда дагы автономдуу режимде которо алат. Анын ортосунда наушник… Кененирээк…