“Кыргызстандын улуттук электр станциялары” ишканасы жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат

“Кыргызстандын улуттук электр станциялары” ишканасы жарандарды электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат. Зарылчылыгы жок болсо, электр жабдууларын күйгүзбөй эле коюу оң, өзгөчө кечки убакта.

 

Компаниядан түшүндүрүшкөндөй, бул тармактарга күч келтирбей, аварияларды алдын алууга шарт түзөт. Жакынкы күндөрү катуу суук болуп, тынбай кар жаайт, адатта, аба-ырайынын мындай шарттары электр энергиясын көп колдонууга алып келет, — дешти компаниядан.