Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт
Бишкектин бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт. «Түндүк электр» ишканасынан билдиришкендей, эртең таңкы саат 9дан кечки 5ке чейин Муса Жалил, Ялтин жана Веселый көчөлөрүндө, 4-12-кичирайондордун, Арча-Бешик жана Ынтымак конуштарынын бир бөлүгүндө электр энергиясы жок болот. Өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу.