WhatsApp мессенджери январдын башынан бери 30 миллиондон ашык колдонуучусун жоготту

WhatsApp мессенджери январдын башынан бери 30 миллиондон ашык колдонуучусун жоготту. Маалыматка ылайык, буга колдонуучулардын тиркемедеги жаңыланган шарттарды колдонуудагы кыйынчылык себеп болгон.

 

Мунун натыйжасында WhatsApp колдонуучулар Signal жана Telegram сыяктуу мессенджерлерге өтүп кетти. Алсак, Signal мессенджеринин колдонуучуларынын саны 7,5 миллион адамга көбөйсө, 25 миллиондой колдонуучу Телеграмга кошулду.