Баткенде ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны такталууда. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жергиликтүү бийлик, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен комиссия түзүлгөн.
Ата-эненин камкордугу жок, ички жана тышкы миграцияда жүргөн жарандардын балдарын тактоо иштери жүрүп жатат.
Турмуштук оор кырдаалга же зордук-зомбулукка кабылган балдар аныкталса, адистердин көзөмөлүнө алынат.