Кыргызстанда дагы 162 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 162 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 69, Чүйдө 51, Ошто 4, Таласта 2, Нарында 6, Ысык-Көлдө 22, Жалал-Абадда 7, Баткенде 1 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен өлкөдө жалпысынан коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 80 миң 643кө жетти.