IQAir сайтынын маалыматына караганда, бүгүн, 29-январда саат 12:00гө карата
Бишкек шаарындагы абанын булгануусу 211 AQI болуп жатат. Бул көрсөткүч
аба ден соолукка зыян экенинен кабар берет.
Саат 12:00гө карата дүйнөдөгү шаарлардын ичинен Бишкек шаары абанын сапаты жана
атмосферасынын булганганы боюнча 4-орунга жайгашты.
Абасы өтө булганган 3 аймак:
1. Ак-Өргө конушу — 808 AQI,
2. Новопавловка айылы — 1236 AQI,
3. Ала-Тоо конушу, №82 мектеп — 690 AQI.