Бүгүн Бишкектеги абанын сапаты 4-орунга жайгашты

IQAir сайтынын маалыматына караганда, бүгүн, 29-январда саат 12:00гө карата Бишкек шаарындагы абанын булгануусу 211 AQI болуп жатат. Бул көрсөткүч аба ден соолукка зыян экенинен кабар берет. Саат 12:00гө карата дүйнөдөгү шаарлардын ичинен Бишкек шаары абанын сапаты жана атмосферасынын булганганы боюнча 4-орунга жайгашты. Абасы өтө булганган… Кененирээк…

Бишкекте быйыл сасык тумоологондор былтыркыдан 39 пайызга аз

Бишкекте сасык тумоолоп, дарыгерге кайрылгандар былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда быйыл 39% аз. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, быйыл январь айында сасык тумоологон 3759 адам катталды, былтыр январда бул сан 9512 болчу. Былтыр бир жылда Бишкекте мындай диагноз 52 миң адамга коюлса,… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 162 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 162 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 69, Чүйдө 51, Ошто 4, Таласта 2, Нарында 6, Ысык-Көлдө 22, Жалал-Абадда 7, Баткенде 1 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө жалпысынан коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 80 миң 643кө жетти.

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар массалары Бишкек-Ош, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Красная Горка – Ак-Таш, Мырзаке-Каракулжа-Алайкуу жана Каракол-Эңилчек унаа жолдорунда түшүшү мүмкүн.   Аталган трассаларда өтүүдө айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.

Баткенде ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны такталууда

Баткенде ата-энеси миграцияда жүргөн балдардын саны такталууда. Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жергиликтүү бийлик, эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен комиссия түзүлгөн.   Ата-эненин камкордугу жок, ички жана тышкы миграцияда жүргөн жарандардын балдарын тактоо иштери жүрүп жатат.   Турмуштук оор кырдаалга же… Кененирээк…

Кыргызстанда январда көмүрдүн баасы кымбаттады

Кыргызстанда январда көмүрдүн баасы кымбаттады.   Улуттук статистика комитети өлкөнүн 18 калк жашоочу аймактарында кара отундун наркына анализ жүргүздү. Ага ылайык, учурда бир тонна көмүрдүн баасы өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу орто эсеп менен 74 сомго же 1,6 пайызга жогорулады.   Көмүрдүн эң кымбат сатылышы Исфана… Кененирээк…

Индия тургуну паспортун жоготуп алганы үчүн 18 жыл түрмөдө отурду

Индия тургуну паспортун жоготуп алганы үчүн 18 жыл түрмөдө отурду. Чет элдик ММКлар жазышкандай, Хасина Бегум  2003-жылы күйөөсүнүн туугандарын көрүү үчүн Пакистандын Лахор шаарына барган.   Бирок паспортун жоготуп алгандыгы үчүн аны Пакистан полициясы камакка алып, 18 жылга эркинен ажыраткан. 65 жаштагы аял эркиндикке чыгарылып, үйүнө… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу уналууда

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди алуу уналууда. Мэриянын маалыматына ылайык, текшерүүнүн алкагында Манас проспектинде 58 жарнамалык такта алынды. Андан тышкары, Месароша көчөсүндө жана Ильмен туюк көчөсүндө соода күркөлөрү жок кылынды.   Алар уруксаат кагазы жок эле орнотулганы аныкталды. Бул жаатта иштер дагы улантылат.

Баткен облусунун Кадамжай районунда жаңы мектеп пайда болот

Баткен облусунун Кадамжай районунда жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, жалпы билим берүү мекемеси Чуңкур-Кыштак айылында курулуп жатат.   Ал 275 окуучуга чакталат. Мектепте окуу корпусу, ашкана, спорт зал каралган. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 700 миң долларды түзөт. Курулушка каражатты… Кененирээк…

Курсан Асанов 26-мартка чейин камакка алынды

28-январда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралды. Соттун чечими менен ал 2021-жылдын 26-мартына чейин камакка алынганын райондук соттун маалымат кызматы кабарлады.   «Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 28-январындагы токтомуна ылайык, шектүү Курсан Асановго карата бөгөт… Кененирээк…