Кыргызстандан башка мамлекеттерге которулган каражаттын жалпы көлөмү өткөн жылы 488 миллион долларды түздү

Кыргызстандан башка мамлекеттерге которулган каражаттын жалпы көлөмү өткөн жылы 488 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

 

Бул жеке тараптардын акча которуу системасы аркылуу жасаган транзакциялары болуп саналат.  Ал эми 2019-жылы 554,6 миллион доллар каражат сыртка чыгарылып, рекорддук сумма катталган.