Казакстан Кыргызстанга аба каттамдарын көбөйтүүнү пландап жатат
Казакстан Кыргызстанга аба каттамдарын көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн ММКлары жазып чыкты. Учурда Алмата-Бишкек-Алмата багыты менен жумасына 2 каттам аткарылат. Эми алардын санын төрткө жеткирүү пландалууда. Учактар качан көбүрөөк каттап баштайт, азырынча белгисиз.