Референдумдун акыркы тизмесине 3 миллион 601 миң жаран кирди

Референдумдун акыркы тизмесине 3 миллион 601 миң жаран кирди. БШКнын маалыматына ылайык, биометрикалык маалыматыг 22-мартка чейин тапшырууга жетишпей калгандар добуш бере албайт.   Белгилеп кетсек, жергиликтүү кеңештерди шайлоо жана Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга келгендер өз өзүнчө саналат. Добуш берүү 11-апрелде өтөт.

Коронавирус коркунучунан улам чет өлкөгө бир катар авиакаттамдар токтотулду

Коронавирус коркунучунан улам чет өлкөгө бир катар авиакаттамдар токтотулду.   “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей,  Бишкектен Воронеж, Грозный, Иркутск, Казань, Краснодар, Красноярск, Новосибирск, Сургут шаарларына жакынкы күндөрүаткарыла турган каттамдар жокко чыгарылды.   Андан тышкары Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү, Алмата-Бишкек-Алмата каттамдары белгисиз мөөнөткө чейин токтотулду.

Алгачкы күнү Кыргызстанда коронавирустан 100 адам эмделди

Алгачкы күнү Кыргызстанда коронавирустан 100 адам эмделди. Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдиргендей, алар медицина кызматкерлери, мугалимдер жана улгайган адамдар.   Алардын абалдары канааттандыраарлык. Вакцина алуудан мурда алар макулдугун берген баракчаны толтуруп, дарыгердин кеңешин алышкан. Эске салсак, массалык эмдөөнүн биринчи этабы кечээ башталды.… Кененирээк…

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Эске салсак, 5-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жоюу боюнча премьер-министр Улукбек Мариповдун токтому чыккан. Мындан улам мекеменин жетекчиси Жапыкеев кызматы жок калган.   Иштен кеткенден кийин ага президент Садыр Жапаров «Финансы… Кененирээк…

Чүй облусунун Александровка айылындагы мектеп оңдолуп жатат

Чүй облусунун Александровка айылындагы мектеп оңдолуп жатат. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, объектинин чатыры толук жаңыртылып, ички жана тышкы жасалгалоо жумуштары аткарылууда. Иштерге аймакты өнүктүрүү фондунан 3 миллион сом бөлүнгөн. Жакынкы аралыкта спорт залы дагы оңдолуп, эшик терезелери алмаштырылат. Эки кабаттуу имарат 60 жыл мурда 900 орунга… Кененирээк…

Акыркы суткада дагы 70 адам коронавирустан айыгып чыкты

Акыркы суткада дагы 70 адам коронавирустан айыгып чыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкекке, Ош жана Чүй облустарына туура келет. Ушуну менен өлкөдө пандемия катталгандан бери 84 миң 723 адам ковидди жеңип чыкты.

Түркиянын 58 провинциясында карантин режими күчөтүлдү

Түркиянын 58 провинциясында карантин режими күчөтүлдү. Бул тууралуу өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган жарыялады. Коронавируска кабылгандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу, бүгүнтөн тартып иш күндөрү кечки саат 9дан таңкы 5ке чейин, дем алыш күндөрү толугу менен көчөгө чыгууга тыюу салынды. Ошондой эле 14-апрелден баштап Түркиядагы кафе-ресторандарда тамактанууга… Кененирээк…

Кыргызстан товар жана азык-түлүктүн кымбатташы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрү арасында биринчи орунда

Кыргызстан товар жана азык-түлүктүн кымбатташы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрү арасында биринчи орунда. Тагыраагы,  көрсөткүч башка мамлекеттерден 11,2 пайызга жана 15,8 пайызга жогору. Алсак, Кыргызстанда баарынан өсүмдүк майы, картошка, тоок жумурткасы жана шекер кымбаттады. Муну менен катар Россияда ЕАЭБ боюнча шекердин баасы жыл ичинде 60 пайызга жогорулады, Казакстанда — дан… Кененирээк…

Жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумга карата милиция 5-апрелден тартып күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтөт

Жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумга карата милиция 5-апрелден тартып күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтөт. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов билдиргендей, добуш берүү күнү коомдук коопсуздукту 11 миңден ашык милиция камсыздайт. 4 миң кызматкер 2 миң 435 шайлоо тилкесине бөлүштүрүлөт. Андан тышкары, 1,5 миң кызматкер… Кененирээк…

Былтыр микро насыя алган кыргызстандыктардын саны көбөйдү

Былтыр микро насыя алган кыргызстандыктардын саны көбөйдү. Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, 2020-жылы дээрлик 707 миң адам ссуда алды. Көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 13,2 пайызга жогорулады. Микрокредиттерди алгандардын көбү Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарына жана Бишкекке туура келет. Бересе алган жарандар акчаларын айыл-чарбаны өнүктүрүүгө, карыздарын жабууга, соода жана… Кененирээк…