Коронавирус коркунучунан улам чет өлкөгө бир катар авиакаттамдар токтотулду

Коронавирус коркунучунан улам чет өлкөгө бир катар авиакаттамдар токтотулду.

 

“Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей,  Бишкектен Воронеж, Грозный, Иркутск, Казань, Краснодар, Красноярск, Новосибирск, Сургут шаарларына жакынкы күндөрүаткарыла турган каттамдар жокко чыгарылды.

 

Андан тышкары Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү, Алмата-Бишкек-Алмата каттамдары белгисиз мөөнөткө чейин токтотулду.