Быйыл Кыргызстанда окуу жылы салттуу негизде аяктайт
Быйыл Кыргызстанда окуу жылы салттуу негизде аяктайт. 2020-21-окуу жылы 25-майда жыйынтыкталат, — деп билдиришти Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан. Ал эми 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү 2-июндан 12сине чейин жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациядан өтүшөт. Эске салсак, былтыркы окуу жылы 5 күнгө узартылып, 30-майда аяктаган.