Бишкекте жана Чүй облусунда иммунизация боюнча көчмө бригадалар иштеп баштады.
Алар калкты календарга ылайык алдын-алуу жана COVID-19га каршы эмдейт.
Жалпысынан бир жума бою республика боюнча 65 мобилдик топ иштейт, — дешти
саламаттыкты сактоо министрлигинен. Эске салсак, бүгүнкү күндө коронавируска каршы
вакцинациядан 17 миңге жакын адам өттү. Экинчи дозаны алгандардын саны 400гө жетпейт