Кыргызстанда айрым айыл-чарба продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн башка мамлекеттерге экспорттоого тыюу салынат

Кыргызстанда айрым айыл-чарба продукциясын ЕАЭБ өлкөлөрүнөн башка мамлекеттерге экспорттоого тыюу салынат. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун айтымында, кеп буудай, ун, кумшекер, күрүч, суу май жана тоок жумурткасы тууралуу болуп жатат.

 

Тоюттун баасы дагы көтөрүлүп жатканын эске алуу менен, чөп, жем, жүгөрү жана арпаны дагы сыртка чыгарууга тыюу салынат.

 

Марипов белгилегендей, Айыл-чарба министрлиги өз учурунда тиешелүү чараларды көрсө, Кыргызстанда азык-түлүк жетишсиздиги болмок эмес.