Коронавирустан вакцина алуу үчүн атайын даярдыктын кереги жок

Коронавирустан вакцина алуу үчүн атайын даярдыктын кереги жок. Бул тууралуу Республикалык вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө борборунун жетекчиси Зуридин Нурматов эскертет.

 

Анын айтымында, вакцинаны алуу үчүн эмдөө түйүндөрүнө кайрылуу керек. Дарыгер дене табын, кан басымын текшерип, атайын суроолорду берет. Эмдөөдөн кийин жаран 2 күн көзөмөл алдында болот. Бардык көрсөткүчтөр атайын электрондук базага киргизилет.