Кыргызстан мектептеринде толук кандуу окуу процесси 16-сентябрда башталат

Кыргызстан мектептеринде толук кандуу окуу процесси 16-сентябрда башталат.

 

Бул тууралуу novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти. 15-сентябрда салтанаттуу линейка жана ачык сааттар орун алат.

 

Эске салсак, быйыл жаңы окуу жылынын башталышы 2 жумага жылдырылды. Чечим кадимки режимге коопсуз өтүү максатында кабыл алынды. Бийлик ошондой эле, муну менен өлкөдөгү жайкы туристтик сезонду дагы узартууга жакшы шарт түзүлө турганын билдиришти.