Бишкекке күз кечикпей келет. 31-августка чейин ордо калаада ысык аба-ырайы сакталат.
Күндүз асман ачык болуп, абанын температурасы +34кө чейин жогорулайт.
Түнкүсүн +20дан төмөндөбөйт. Ал эми 1-сентябрдан тартып аба-ырайы кескин өзгөрүп,
күндүз термометр мамычалары +25тен ашпайт, асманды ала-булут каптап,
4-сентябрдан тартып жамгыр жаайт.