Жалал-Абадда кичи ГЭС курулат

Жалал-Абадда кичи ГЭС курулат. Объект Ничке-Сай дарыясында жайгашат, — деп билдиришти калаа мэриясынан.

 

Планга ылайык, ГЭС жылына 10 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгат. Курулуш иштери кийинки жылы башталып, 2023-жылы соңуна чыгат деп пландалууда.

 

Долбоорду ишке ашырууга 3,5 миллион доллар талап кылынат, каражат чет элдик инвесторлордон алынат.