Афганистандагы кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бүгүн таңда «Доха-Дубай-Бишкек»
аба каттамы боюнча мурда АКШ уюштурган атайын учак менен Афганистандан
Катарга эвакуацияланган кыргызстандын 11 жараны алынып келинди.
Афганистан аймагында калган мекендештер жакынкы аралыкта өлкөгө
эвакуацияланат, — деп кошумчалашты ведомстводон. Эске салсак,
буга чейин 25 кыргызстандык алынып келинген