Бүгүн, 23-августта, саат 03:01де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга
жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына
таянып Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык айылдарында 3 балл жана
Шибээ айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн
жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.